Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч…

Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берди: Кимде-ким карыздар адамдын карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын бир бөлүгүн кечип салса, анда анын сыйлыгы Аллах аны Өз Аршынын астына, Кыямат күнү күн пенделердин башына жакындай турган күнү көлөкөсүнө алат. Ал күнү күндүн ысыгы аларга катуу тийген кез болот. Демек Аллах көлөкөсүнө алган адамдан башка эч ким көлөкө таба албайт.

فوائد الحديث

Аллах Тааланын пенделери үчүн жеңилдетүүнүн пазилети жана адамдарга жеңилдик берүү - Кыямат күнүнүн коркунучтуу азабынан кутулуунун себептеринин бири.

Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлыктар да ошол түрдөн берилет.

التصنيفات

Акырет жашоосу