Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр

Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр

Усман (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын абзели, Аллахтын алдында даражасы бийиги - Куранды окуганды, жаттаганды, кыраат кылганды, түшүнгөндү, чечмелегенди үйрөнүп, анан өзү билген Куран илимин башка бирөөлөргө үйрөтүп, өзү да аны иш жүзүндө аткарып амал кылганы деп баяндаган.

فوائد الحديث

Куран шарапаттуулугу жана сөздөрдүн эң жакшысы экендиги айтылган, анткени ал Аллахтын сөзү.

Таалим алуучулардын эң жакшысы - алган илими өзүндө гана чектелип калбай башкаларга да үйрөткөн адамдар.

Куранды үйрөнүү жана үйрөтүү - аны окууну, маанисин түшүнүүнү жана өкүмдөрүнө амал кылууну камтыйт.

التصنيفات

Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы