إعدادات العرض
Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото…
Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».
الترجمة
العربية Kurdî English Kiswahili Español اردو Português বাংলা Bahasa Indonesia فارسی தமிழ் हिन्दी සිංහල Tiếng Việt മലയാളം Русский မြန်မာ ไทย پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Türkçe Bosanski Hausa తెలుగు دری Ελληνικά Azərbaycan Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Moore Oromoo Wolof Tagalog Soomaali Français Українська bm Deutsch ქართული Македонски Magyar Lingala 中文الشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жамандыкты, б.а. Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган нерселердин бардыгынан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша токтотууга буйруйт. Эгерде бир күнөө ишти көрсө, аны токтотууга күчү жетсе, анда колу менен токтотушу керек. Эгерде ага кудурети жетпесе, анда күнөөкөрдү тыйып, күнөөнүн зыянын түшүндүрүп жана бул жамандыктын ордуна жакшылык ишти көрсөтүп, аны тили менен токтотсун. Эгерде бул даражага жете албаса, анда бул жамандыкты жүрөгү менен жек көрсүн. Эгерде аны токтотууга кудурети жеткенде, аны аткарат эле деген ниетте болсун. Жүрөгүнөн жек көрүү – жамандыкты токтотуудагы ыймандын эң алсыз даражасы.فوائد الحديث
Бул хадис – жамандыкты токтотуунун даражаларын баяндоодо негиз болуп саналат.
Акырындык менен жамандыктан кайтаруу буйругу ар кимисинин өз жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
Жамандыктан кайтаруу – бул диндеги улуу иштерден. Бул иш эч кимдин жоопкерчилигинен түшпөйт жана ар бир мусулманга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша милдет болот.
Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу ыймандын белгилеринен. Анткени ыйман көбөйөт жана азаят.
Жамандыктан кайтаруунун шарттарынан: Иштин күнөө экенин билүү.
Жамандыктан кайтаруунун шарты: Андан чоң жамандык алып келбеши керек.
Жамандыктан кайтаруунун мусулман сөзсүз түрдө үйрөнө турган адептери жана шарттары бар.
Жамандыктан кайтаруу үчүн шарияттык саясат, билим жана көрөгөчтүк керек.
Аткарылып жаткан күнөөнү көрүп жүрөк менен жек көрбөгөндүк - ал ыймандын алсыздыгын көрсөтөт.