Абдуллах бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат: «Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд жазып калтырган.]

الشرح

Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биз оюбузга ушунчалык жаман ойлор келет, аны айтканга караганда күл болуп күйүп кеткенибиз жакшыраак» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолу такбир айтып, шайтандын айла-амалы жөн эле азгырык ойлорго айланып кеткени үчүн Аллахка мактоо айтты.

فوائد الحديث

Шайтан момундарды ыймандан куфрга буруу үчүн аларды ар түрдүү азгырык ойлорго салат.

Ыймандуу адамдардын алдында шайтан алсыз болот. Анткени ал аларга ойлорду гана сала алат.

Ыймандуу адам шайтандын азгырык ойлорун кабыл албай, келген азгырык ойлорду жок кылуу үчүн күрөшүү керек.

Жакшы кабар укканда же таң калыштуу нерсе болгондо же ушуга окшош учурларда Аллахка такбирлерди айтуу керек.

Мусулманды ойлондурган ар түрдүү суроолорду аалымдан суроосу керек

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Жиндер