Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин…

Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү

Ан-Наввас бин Самаан Аль-Ансари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Тааланын Исламды эч кандай кыйшыгы жок түз жолго салыштырып мисал кылганын айтты. Ал түз жолдун эки тарабында эки дубал бар. Ал эки дубал - алар Аллахтын койгон чектери. Бул эки дубалдын ачылган эшиктери бар. Алар Аллахтын арам кылган иштери. Ал эшиктердин үстүнөн түшүрүлгөн пардалар бар. Ал пардалар жолдон өтүп бараткан адамга ичин көрсөтпөй турган пардалар. Ал эми жолдун башында адамдарды туура жолго салып, туура багыт берип аларга: «Түз жолдон оңго же солго басып кетпегиле, анын ортосунда жүргүлө» - деп айтып турган жарчы бар. Ал жарчы Аллахтын Китеби. Ал эми жолдун үстүндө турган дагы бир жарчы бар. Ал жарчы жолдо жүргөн адам ал эшиктердин пардаларынан бир аз ачууну каалаганда, ал аны кайтарып: «Шоруң кургур, ал эшикти ачпа! Ачсаң кирип кетесиң, кирүүдөн өзүңдү токтото албайсың» - деп айтып турат. Бул чакыруучу ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү.

فوائد الحديث

Ислам дини акыйкат дин. Ал бизди бейишке алып баруучу түз жол.

Аллахтын чектерине, уруксат берген жана арам кылган нерселерине моюн сунуунун зарылчылыгы. Анткени аларга шалакы мамиле кылуу кыйроого алып барат.

Улуу Курандын пазилетин ачыктады жана ага амал кылууга үндөдү. Анткени анда хидаят, нур жана ийгилик камтылган.

Аллахтын пенделерине болгон ырайымын билебиз. Анткени момундардын жүрөгүнө салган эскертүүсү аларды кыйроого алып барган иштерден сактайт жана эскертет.

Аллах Өзүнүн ырайымы менен пенделерин күнөөгө батуусунан сактоо үчүн эскертме тосмолорду койгон.

Билимди жеткирүүдөгү каражаттардын бири – жакындатуу жана ачыктоо үчүн мисалдарды келтирип айтуу.

التصنيفات

Ыйык Курандын артыкчылыктары, Жүрөк амалдары, Напсиге жана кумарга берилүүнүн жамандыгы