إعدادات العرض
Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп…
Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?
Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Tiếng Việt Hausa Kurdî Português සිංහල অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી Nederlands አማርኛ پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Românăالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга: Эй, бейиш тургундары деп кайрылат. Алар: Раббибиз, биз Сенин алдыңда, буйруктарыңды аткарууга даярбыз деп жооп беришет. Анан аларга: силер Мага ыраазы болдуңарбы? - дейт. Алар: Ооба, ыраазыбыз; Сен эч бир калайыкка бербеген жакшылыктарды бизге бердиң. Анан кантип ыраазы болбойлу - дешет. Аллах Таала: Силерге мындан да жакшы нерсени берейинби? - дейт. Алар: Оо, Раббибиз! Мындан да жакшы нерсе болмок беле? - дешет. Аллах Таала: Мен эми силерге ыраазылыгымды уланта берем, эми силерге эч качан ачууланбайм - дейт.فوائد الحديث
Аллах Тааланын бейиш тургундары менен сүйлөшөрү акыйкат.
Аллах Таала бейиш тургундарына ыраазы болгондугун, мындан кийин аларга такыр ачууланбастыгын айтып сүйүнчүлөйт.
Бейиш тургундары андагы ар түрдүү орундарына, ар түрдүү даражаларына карабастан, баары бирдей ыраазы болушат. Аллах Тааланын суроосуна алардын баары бир ооздон: "Башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бизге бердиң" деп ыраазылыгын билдирип жооп беришкен.