Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу

Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу

Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп бүткөндө үч жолу истигфар айтып, анан: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу. Валид айтат: Авзаъийден: Истигфарды кантип айтат? - деп сурасам, ал: Астагфируллох, астагфируллох... деп айтасың - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын бүткөндө: "Астагфируллох, астагфируллох, астагфируллох" - деп айткан. Андан кийин Аллах Тааланы улуктап: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" - деп айткан. Аллахтын Салам-тынчтык сыпаты толук, бардык айып-кемчиликтерден таза. Анын ушул сыпаты менен Анын Өзүнөн гана дүйнө жана акыреттин жамандыктарынан саламаттыкты сурайт. Аллах Тааланын жакшылыгы эки дүйнөдө тең көп, Ал улуулук жана жакшылыктын ээси.

فوائد الحديث

Намаздан кийин истигфар айтуу жана аны дайыма улантуу жакшы.

Ибадаттагы жана баш ийүүдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн истигфар айтуу жакшы.

التصنيفات

Намаздын зикирлери, Намаздын зикирлери