إعدادات العرض
Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын
Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili සිංහල አማርኛ অসমীয়া ગુજરાતી Tiếng Việt Nederlands नेपाली پښتو ไทย Svenska മലയാളം Română తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ит жалаган идишти жети жолу жууп тазалоого буйруган. Жетинин биринчисинде идишти топурак менен тазалап алуу керек. Андан кийин суу менен жууса ыплас, зыяндуу микробдордон тазаланат.فوائد الحديث
Иттин шилекейи оор нажас (өтө ыплас).
Ит жалаган идиш да, андагы суу да ыплас болот.
Топурак менен тазалап, анан жети жолу жуу иттин шилекейи тийген нерсеге тиешелүү. Анын тезегине, сийдигине ж.б. булганычтарына эмес.
Идишти топурак менен тазалоо мындай таризде болот: алгач идишке топуракты салат, анан анын үстүнө бир аз суу куюп, эзилген ылай менен идишти ышкап жууйт.
Хадисте айтылган өкүм бардык иттерге тиешелүү. Шариятта аңчылык кылууга, кароолчулукка жана кайтаруучулук үчүн багууга уруксат берилген иттерге да тиешелүү.
Самын ж.б. идиш жуучу каражаттар топурактын ордуна өтпөйт. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурак деп баса белгилеп айткан.