Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн…

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн байкайт элек

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн байкайт элек.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уялчаактыгын бойго жеткен, турмушка чыга элек, эркектерден өзүн жашырган кызга салыштырган. Анткени, анын уяттуулугу жогору болгон, эгер бир нерсени жактырбаса, жүзү өзгөрүп кетет эле жана эч нерсе деп айтчу эмес. Сахабалар анын жүзүнөн жактырбай жатканын байкашчу.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм мүнөздөрүнүн бири ал –уяттуулугу болгон.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулугу аны Аллах арам кылган иштерди айтуудан токтотуп койгон эмес. Эгер мындай иштерди көрсө, ачууланып, саахабаларын буйруп же тыйып турчу.

Уяттуулук сыпатын мүнөзгө киргизүү зарыл, анткени, уяттуулук жакшы иштерди аткарып, жаман ишти таштоого түрткү болот.

التصنيفات

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулугу