Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы…

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген

Ал-Бараа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинанын элиндеги ансарларды жакшы көрүү ыймандын толуктугунун белгиси экенин айткан. Буга алардын Исламга жана пайгамбарга жардам берүүдө биринчилерден болгону, мусулмандарга баш баанек берүүгө аракет кылганы, мал-жанын Аллах жолунда ишеткени себеп. Ал эми аларды жаман көрүү эки жүздүүлүктүн белгиси. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким ансарларды жакшы көрсө, аны Аллах жакшы көрөрүн, ким ансарларды жаман көрсө, аны Аллах жаман көрөрүн баяндады.

فوائد الحديث

Хадисте ансарлардын аброю жогору экени айтылган. Аларды сүйүү ыймандуулуктун жана эки жүздүүлүктөн тазалыктын белгиси.

Аллахтын досторун сүйүү жана аларга жардам берүү - Аллахтын пендеге болгон сүйүүсүнө себеп болот.

Исламга алгачкылардан болуп киргендердин артыкчылыгы баяндалат.

التصنيفات

Ыймандын буктактары, Ыймандын буктактары, Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун), Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун)