Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип…

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип алууга буйручу жана (кийимдин сыртынан) кучактап, жакындачу.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип алууга буйручу жана (кийимдин сыртынан) кучактап, жакындачу. Мечитте этикафта отурганда, менин бөлмөмө эшиктен башын чыгарчу, менин айыз көрүп жаткан учурум болсо деле, анын башын жууп берчүмүн.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз экөөнө тиешелүү кээ бир абалдары тууралуу баяндайт. Алардын кээ бири булар: Ал пайгамбарыбыз экөө жунубдуктан жуунганда бир идиштен суу алып жуунчу. Анын айызы келген кезде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кошулууну кааласа, киндигинен тизесине чейин кийинип алууга буйруп, анан ага кошулбастан кучактап, жакындай берчү. Дагы ал айызы келип турган учурда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте этикафта болсо, башын эшиктен анын бөлмөсүнө чыгарып, ал жууп берчү.

فوائد الحديث

Күйөөсү менен аялы бир идиштен жууна берсе болот.

Айызы келип жаткан аялына жыныстык катыш кылбай, кучактап, жакындай берсе болот, анткени анын денеси таза.

Кучактап, жакындаган учурда аялдын шым кийип алганы жакшы.

Арамга кирип кетүүдөн тосуучу себептерди аткаруу зарыл.

Айызы келген аял мечитте көпкө турууга тыюу салынган.

Аял кишиге (айыз учурунда) өл болобу, кургак болобу, нерселерди кармоого болот, мисалы чачын жуу жана тароо сыяктуу.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарына жакшы мамиле жасаган.

التصنيفات

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) никеде жана үй-бүлөгө мамиле кылууда жол көрсөтүүсү