إعدادات العرض
Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет
Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет
Абу Муса аль-Ашьари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Hausa ไทย دری Akan Български Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Moore Azərbaycan Wolof Oromoo Soomaali Українська bm km rn ქართული Македонски Српски Lingalaالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадисинде эгерде мусулман адам денисак жана сапарга чыкпаган кезинде жакшы иш-аракеттерди аткарып жүргөн болсо, оору же сапар ж.б. үзүр себептүү ал иш-аракеттерин аткара албай калса, анда ага сообу жазыла берээрин айтып, Аллахтын пазилеттүү жана мээримдүү экенин кабарлап жатат.فوائد الحديث
Аллахтын пенделерине болгон берешендиги.
Денисак жана бош кезде убакытты туура пайдаланып ибадатты көп аткарууга чакыруу.