Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет

Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Рамазан айынын акыркы он күнүндө болгон Кадыр түндү тосуунун пазилетин кабарлады. Ошондой эле кимде-ким ал түндө намаз окуу, дуба кылуу, Куран окуу жана зикир кылуу менен алек болуп, Кадыр түндүн болоруна, ал тууралуу келген пазилеттерине ыйман келтирип, кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтан гана сооп-сыйлык үмүт кылып, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен өткөрсө, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилишин кабарлады.

فوائد الحديث

Кадыр түндүн пазилети жана аны тосууга үндөө.

Жакшы иш-аракеттер туура ниет кылуу менен гана кабыл болот.

Аллахтын пазилеттүүлүгү жана Анын ырайымдуулугу. Анткени кимде-ким Кадыр түндүн болоруна ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет.

التصنيفات

Түнкү намаздар, Рамазан айынын акыркы он күнү