إعدادات العرض
Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт
Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский اردو 中文 हिन्दी বাংলা Español Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Türkçe دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Tagalog Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromooالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төлгөчүгө барууга болбостугун эскерткен. Төлгөчү дегени, көзү ачык, жылдыз кароочу, пал ачуучу ж.б. ушундайларды пайдаланып кайыпты билерине далил кылган адамдардын жалпы аталышы. Мындайлардан кайып ишти бир эле жолу сурап койсо, Аллах Таала сураган кишини кырк күндүк намазынын сообунан куру калтырат, бул анын ушундай чоң күнөөгө барганынын акыбети.فوائد الحديث
Көзү ачыктык кылуу жана ага барып кайыпты суроо тыюу салынган арам иш.
Кылган күнөөсү себептүү адам жакшы амалдарынын сооп-сыйынан куру калышы мүмкүн.
Жылдыз төлгөсү деп аталган төлгө жана ага кароо, ошондой эле алаканга, чыныга жөн эле кызыгып кароо да ушул хадистин ичине кирет. Анткени мунун баары көзү ачыктыкка жана кайып илимин билем дегендикке жатат.
Төлгөчүгө баруунун эле жазасы ушундай болсо, анда төлгөчүнүн өзүнүн жазасы кандай болорун ойлоп көр?
Кырк күндүк намаз окулган болуп эсептелет, анын казасы окулбайт, бирок сообу болбойт.
التصنيفات
Аталыштар жана терминдер