Аталыштар жана терминдер

Аталыштар жана терминдер

5- «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*

31- Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.*@

40- Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@

42- «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@

43- Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*