إعدادات العرض
Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт
Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт . Ал эми ким адашууга багыт берсе, аны ээрчип адашкандардын күнөөсүндөй күнөөгө батат, мындан тигилердин күнөөсү да кемибейт".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە ไทย پښتو অসমীয়া دری or Tiếng Việt नेपाली Malagasy Kinyarwanda తెలుగు Lietuvių Oromoo Română മലയാളം Nederlands Soomaali Српски Українська Deutsch ಕನ್ನಡ Wolof Moore Shqip ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ким адамдарды туура жолго колу менен болобу, тили менен болобу багыт берип үндөсө, же кызыктырса, аны ээрчиген адамдар ала тургандай соопко ээ болорун, мындан ал көрсөткөн жолго түшкөндөрдүн сообу кемибестигин баяндап айткан. Ал эми ким адамдарды колу менен же тили менен, күнөөгө же адал эмес иштерге алып бара турган туура эмес жаман жолго багыт берип, жол көрсөтсө, аны ээрчиген адамдар ала тургандай күнөөгө ээ болот. Мындан ал көрсөткөн жолго түшүп алгандардын күнөөсү да кемибейт.فوائد الحديث
Азбы, көппү, жол көрсөтүп туура жолго үндөөнүн артыкчылыгы. Кайсы бир ишке жол көрсөтүүчү ошол ишти иш жүзүндө аткарган адамдай эле сооп алат. Бул Аллахтын пазилетинин улуулугу жана берешендигинин толуктугунун белгиси.
Азбы, көппү, адаштыра турган жолго үндөөнүн корунучтуулугу. Анткени, мындай жолго чакырган адам, ошол ишти кылган адамдын күнөөсүндөй эле күнөөкөр болот.
Жаза - иштин жынысына жараша болот. Ким жакшы ишке үндөсө, аны аткарган адамдын сообундай сооп алат. Ал эми ким жаман ишке үндөсө, аны аткарган адамдын күнөөсүндөй күнөөгө батат.
Мусулман адам башкалардын көзүнчө күнөө кылып, анан аны бирөө туурап алуусунан этият кылуусу керек. Анткени, аны туураган адамды ал күнөөгө үндөбөсө деле, анын себебинен күнөөкөр болуп калат.