Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес

Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес

Абу Муса Аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарга каршы курал алып жүрүүдөн, аларды коркутуп-үркүтүүдөн же талап-тоноодон эскертүүдө. Ким муну акыйкатты тургузуу үчүн кылбаса, анда чоң кылмыш жана чоң күнөө кылган болот. Ошондой эле бул оор азапка татыктуу болот.

فوائد الحديث

Мусулман мусулман бир туугандары менен согушуусунан катуу эскертти.

Жер жүзүндөгү эң чоң жийиркеничтүү иштердин жана чоң бузукулуктардын бири – мусулмандарга курал көтөрүү жана өлтүрүү менен бузукулук кылуу.

Жогоруда айтылган катуу эскертүү акыйкатты тургузуу үчүн күрөшкөндөрдү камтыбайт. Алар мисалы: эл башчысына каршы чыккандар менен согушкандар, бузукулар менен согушкандар ж.б.

Мусулмандарды тамаша иретинде болсо да курал же башка нерсе менен коркутууга тыюу салынган.

التصنيفات

Бузуктук, Каракчылыктын жазасы