Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам

Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам

Абдуллах бин Амрдын (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды толук карманган мусулман адам башка мусулмандар анын тилинен аман болгон адам. Б.а. аларды сөкпөгөн, наалат айтпаган, артынан сүйлөбөгөн жана алардын ортосунда тили менен зыянын тийгизе турган эч бир ишке барбаган адам. Ошондой эле анын колунан да жамандык көргөн эмес, б.а. ал эч кимге өкүм зордук кылган эмес, мал-мүлкүн тартып алган эмес ж.б.у.с. Ал эми мухажир - Аллах арам кылган нерсени таштаган адам.

فوائد الحديث

Исламдын толуктугу - материалдык болобу, маънаваий болобу башкаларга зыян берүүдөн сактануу менен гана болот.

Тил жана колдун баса белгиленип айтылуусу, бул экөөнүн көп ката кетиргени жана зыян бергени үчүн, чынында жамандыктын көбү тил жана кол менен ишке ашат.

Күнөөлөрдү таштоого жана Аллахтын буйруктарын бекем кармоого кызыктыруу.

Мусулмандардын абзели Аллахтын да, пенделердин да укугун сактаганы.

Душмандык кылуу тил менен да, кол менен да болушу мүмкүн.

Чыныгы көчүү - Аллах арам кылган нерселерди таштоо.

التصنيفات

Ыймандын көбөйүүсү жана азайышы, Мактоого татыктуу ахлактар, Сүйлөө жана жым отуруунун адептери