Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам

Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам

Жабир, радыяллаху анху, риваят кылат: Бир киши Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, мындай деп сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ооба» - деди. Ал: «Аллага касам! Мен буга эч нерсе кошпойм» - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.

فوائد الحديث

Мусулман парздарды аткарууга жана арам нерселерди таштоого аракет кылат жана анын максаты бейишке кирүү болот.

Адал иштерди аткаруу жана анын адалдыгына ишенүүнүн, арам иштерди арам деп билүү жана ага тыюу салынган деп ишенүүнүн маанилүүлүгү.

Парздарды аткаруу жана арам иштерди таштоо бейишке кирүүгө себеп болот.

التصنيفات

Аталыштар жана терминдер, Аталыштар жана терминдер, Ыймандын буктактары, Ыймандын буктактары, Намаздын артыкчылктары, Намаздын артыкчылктары