Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылат: Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Анас бин Малик, радыяллаху анху, айтат: Сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганда, бир адам төөгө минип келип, аны чөгөлөтүп байлап койду. Анан алардан: «Силердин кимиңер Мухаммад?» — деп сурады. Ал эми Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалардын арасында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — жөлөнүп жаткан ак адам» - деп айттык. Ал киши Пайгамбарыбызга: «Эй Абдулмутталибдин уулу!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сени уктум, сура, мен сага жооп берем» - деп айтты. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроолорду сураймын. Жана мен бул суроолордо катуумун, өзүңө катуу алба» - деди. Башкача айтканда, мага ачууланба, капа болбо деди. Пайгамбар: «Каалаганыңды сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени жалпы адамдарга жибердиби?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп чынчылдыгын тастыктаган абалда айтты. Ал киши: «Сага Аллахтын аты менен касам ичип айтам». Башкача айтканда: «Мен сенден Аллахтын аты менен суранам, Аллах сага беш убак намазды күнү-түнү окууну буйрудубу?» деди. Ал парз намаздар. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах силерге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?». Ал рамазан айы. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?». Бул зекет. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ошондо Димам Исламды кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, элин Исламга чакыра турганын айтты. Анан өзүн тааныштырып, ал Бани Саад бин Бакр уруусунан Димам бин Саълаба экенин айтты.

فوائد الحديث

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кичи-пейилдүүлүгү. Анткени бул сахаба Пайгамбарды башка сахабалардын арасынан айырмалай алган жок.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уас салламдын, сонун кулк-мүнөздүүлүгү. Анткени суроо берүүчүгө жакшы жооп берүүсү. Себеби жакшы жооп берүү дааватты кабыл алуунун себептеринин бири.

Бир кишини ак же кызыл, боюнун узундугу же кыскалыгы менен тааныштырууга уруксат болот. Ошондой эле бул сыпаттар кемчиликке ниет кылынбаган болсо жана аны ал киши жек көрбөсө уруксат болот.

Каапыр адам муктаждык үчүн мечитке киришине уруксат.

Хадисте ажылык жөнүндө айтылбады. Анткени ал келгенде ажылык ибадаты парз болбогон учур болуусу ыктымал.

Сахабалар адамдарды Исламга чакырууга кызыгуусу. Бул сахаба Ислам динин кабыл алаары менен элин чакырууга киришти.

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), Ислам, Аллхка чакыруу, Намаздын милдеттүүлүгү жана намаз окубай коюунун өкүмү, Зекеттин милдеттүүлүгү жана зекет бербей коюунун өкүмү, Obligation of Fasting and Ruling of Its Abandoning