Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия

Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия

Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.

[Сахих (ишенимдүү)] [Ахмад жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн эң корккон иш: кичине ширк экенин кабарлаган. Ал: Рия, б.а. адамдар үчүн амал кылуу. Андан кийин рия кылган адамдардын кыямат күнүндөгү жазасын кабарлаган. Аларга "Ким үчүн амал кылган болсоңор, ошого баргыла жана карагыла, алар силерге амалыңарга жараша сооп бере алар бекен" деп айтылат.

فوائد الحديث

Амалды Аллахка чын ыклас менен аткаруу жана риядан сактануу ваажыб.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө өтө боорукер болгон жана аларга туура жолду көрсөтүүгө, насаат кылууга катуу умтулган.

Салихтердин башында турган сахабаларга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип айтып, корккон болсо, анда алардан кийинкилерге андан да коркунучтуу.

التصنيفات

Ширк (Аллахка шерик кошуу), Ширк (Аллахка шерик кошуу), Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ырайымдуулугу, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ырайымдуулугу