?Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот

?Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот

Ибн Умар, радыяллаху анхума, бир кишинин мындай деп айтып жатканын угуп калат. Ал киши: «Жок, Каабага ант болсун!» - дейт. Ошондо Ибн Умар мындай деп айтат: «Аллахтан башкага ант ичилбейт. Чындыгында, мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын укканмын: «Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтан жана анын ысым-сыпаттарынан башкага ант ичкен адам Аллахка каапырлык кылганын же ширк кылганын кабар берип жатат. Себеби ант ичүү ант ичкен нерсени улуктоону талап кылат. Чындыгында, бардык улуулук Жалгыз Аллахка гана таандык. Ошондуктан бир гана Аллахка же анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот. Аллахтан башкага ант ичүү кичине ширк (2) болот. Эгерде ант ичкен адам ант ичкен нерсесин Аллахты улуктагандай же андан ашырып улуктаса, анда ал учурда чоң ширк болот.

فوائد الحديث

Улуктап ант ичүү Аллах Тааланын акысы болгондуктан, Аллах жана анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот.

Сахабалар жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууга өтө дилгир болушкан, өзгөчө ал каапырлыкка же ширкке байланыштуу жаман иштер болсо.

التصنيفات

Ширк (Аллахка шерик кошуу)