إعدادات العرض
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.
[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Русский हिन्दी Indonesia 中文 বাংলা ئۇيغۇرچە اردو Español Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands Hausa دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली or ಕನ್ನಡ Română Soomaali Српски Wolof Українська Tagalog Moore Azərbaycan ქართული Magyar Deutsch Македонски Bambara አማርኛ Malagasy Oromoo ភាសាខ្មែរ मराठी ਪੰਜਾਬੀ Türkçe Italiano O‘zbekالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пара берген жана пара алган адамга Аллах Тааланын ырайымынан чыксын жана алыс болсун деп дуба кылган. Мына ошол пара - бул соттор өкүмдү бурмалоосу үчүн аларга төлөнүүчү нерсе. Пара берүүчү адам каалаган максатына адилетсиздик менен жетиши үчүн пара берет.فوائد الحديث
Пара берүүгө, алууга, аларга ортомчу болууга жана аларга жардам берүүгө тыюу салынат. Анткени ал зулумдукка жардам берген болуп калат.
Пара алуу чоң күнөө. Анткени Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пара алганга да жана пара бергенге да каргыш айткан.
Сотто жана өкүм чыгарууда пара алуу эң чоң кылмыш жана эң чоң күнөө. Анткени анда Аллах түшүргөн өкүмдөн башкасы менен өкүм чыгаруу бар жана зулумдук бар.
التصنيفات
Казынын адептери