?Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят…

?Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, намазда үч аят окуунун сообун түшүндүрүп берди. Адам үйүнөн үч чоң семиз жана бооз төө тапкандан көрө намазда үч аят окуган жакшы деп айтты.

فوائد الحديث

Намазда Куран окуунун пазилети тууралуу айтылды.

Жакшы амалдар бул дүйнөнүн жыргалдарынан жакшы жана түбөлүктүү.

Бул сооптор үч гана аятты окуу менен чектелбейт. Адам намазда Куран аяттарын канчалык көп окуса, анын сообу ошончо төөдөн жакшы болот.

التصنيفات

Ыйык Курандын артыкчылыктары