Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку

Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку

Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким кайсы бир парз намазды окууну убактысы бүткүчө унутуп калса, аны эстеген замат казасын окууга шашылуусу керек экенин баяндады. Эгер мусулман унуткан намазын эстегенде окубаса кайдыгерликтин күнөөсү кечирилбейт жана өчүрүлбөйт. Анткени Алла Таала Өзүнүн ыйык китебинде айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку". [Таха: 14]". Мааниси: унутулган намазды эстеген кезде оку.

فوائد الحديث

Намаздын маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана аны окууда жана казасын окууда кайдыгерлик кылбоо.

Намазды үзүрсүз атайылап мөөнөтүнөн кечиктирүүгө болбойт.

Унуткан адам эстеген кезде, уктап калган адам ойгонгон кезде намазды окуп алуусу парз.

Каза болгон намаздарды тыюу салынган учурларда да дароо казасын окуу парз.

التصنيفات

Намаздын милдеттүүлүгү жана намаз окубай коюунун өкүмү, Намаз окуучулар кетирген каталар