Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен…

Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын

Абу Хамид же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө мечитке киргенде айтылган дубаны үйрөткөн. Ал дуба: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" б.а. ал Аллах Тааладан ага ырайымынын себептерин даярдап берүүсүн суранат. Эгер сыртка чыккысы келсе, анда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" -деп айтсын. Ал Аллахтан Анын жакшылыктарын жана адал ырыскынын жакшылыгын көбөйүүсүн сурайт.

فوائد الحديث

Мечитке киргенде жана чыкканда бул дубаны айтуу сооптуу.

Кирүү менен ырайымдуулукту, чыгуу менен жакшылыктарды суроонун өзгөчөлүгү: кирген адам Аллахка жана бейишине жакындата турган нерселер менен алек болот. Ошондуктан ырайымдуулукту айтуу ылайыктуу. Ал эми сыртка чыкканда, Аллахтын ырыскысын издеп, жер жүзүн айланат. Ошондуктан Аллахтын жакшылыктарын айтуу ылайыктуу.

Бул дубалар мечитке киргенде жана андан чыкканда айтылат.

التصنيفات

Мечитке кирерде жана чыгарда айтылчу зикирлер, Мечиттердин өкүмдөрү