Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт

Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт"

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кербенде ити бар, же жаныбарлар басканда шыңгырап турчу коңгуроосу бар адамдарга периштелер сапарда жолдош болбостугун айткан.

فوائد الحديث

Итти багууга жана аны жолго ээрчитүүгө тыюу салынган. Бирок аңчылык жана кароолчулук үчүн багылса уруксат.

Адамдарга жолдош болбой койгон периштелер булар ырайым периштелери. Ал эми сактоочу (жазуучу) периштелер, алар адамдар үйдө болобу, жолдо болобу эч ажырабайт.

Коңгуроо тагууга тыюу салыган. Анткени, ал шайтандын кернейи, мында христиандардын коңгуроосуна окшоштук бар.

Мусулман адамга аны периштелерден алыстата турган иштердин баарынан этият болуусу зарыл.

التصنيفات

Периштелер