إعدادات العرض
Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет
Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili دری অসমীয়া ไทย አማርኛ Svenska Yorùbá ગુજરાતી Malagasy नेपाली Oromoo Română മലയാളം Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Српски Moore Lietuvių ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуларды сапка тегиз турууга, бири-биринен алдыга же артка туруп албоого буйруган. Сапта тегиз туруу намаздын толук болуусуна өбөлгө. Саптын ийрилиги же бош орундун калуусу - намаздын кемчилиги.فوائد الحديث
Намаздын толук болуусуна жана аны кемчиликтен сактоого кам көрүү шарияттын талабы.
Таалим берүүдө пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даанышмандыгы чоң. Ал дайыма өкүм айтканда анын себебин кошо айтчу. Муну ал шарияттын өкүмүн баяндоо үчүн жана адамдарды ошого кызыктыруу үчүн айтчу.