إعدادات العرض
Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү.
Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү.
Абу Умама айтат: Мага Амр бин Абаса (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын минтип айтты: "Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Français Tiếng Việt සිංහල Hausa Kurdî Kiswahili Português தமிழ் Русский አማርኛ অসমীয়া ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Svenska Română Malagasy ಕನ್ನಡ Српски తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө Аллах Таала пендеге эң жакын болгон учуру. О, ыймандуу пенде, эгер ушул убакта намаз окуп, зикир чалып, тообо кылуучу адамдардын катарында болууга чамаң жетип, колуңдан келип турса, анда бул убакты текке кетирбей, аны пайдаланып калууга тырыш.فوائد الحديث
Түндүн акыркы бөлүгүндө зикир кылуу зарыл.
Зикир, дуба жана намаз ибадаттары аткарыла турган артыкчылыктуу убактар бар.
Муайрик минтип айткан: "Аллах пендеге эң жакын болгон учур" деген хадис менен "Пенде Раббисине эң жакын болгон учур анын сажда кылган учуру" деген хадистин бири-биринен айырмасы мындай: биринчисинде Аллах Тааланын пендеге эң жакын боло турган убакыт жөнүндө айтылган. Бул убакыт түндүн акыркы бөлүгү. Ал эми экинчисинде пенденин Аллахка жакын боло турган абалы тууралуу айтылган. Бул абал пенденин саждадагы абалы.