Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө мындай кылчу: Биринчи: колу же кийиминин бир учу менен оозун жапчу; муну оозунан же мурдунан жанындагыларды иренжите турган нерселер чыгып кетпеши үчүн ушундай кылчу. Экинчи: үнүн акырын чыгарчу, катуу чыгарчу эмес.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөн адамга көрсөткөн өрнөгү жана аны так ошондой аткаруу зарылдыгы айтылган.

Чүчкүргөн учурда башкаларды иренжитпеш үчүн кол менен же колаарчы менен оозду жабуу жакшы.

Ошондой эле чүчкүргөндө үндү акырын чыгаруу керек. Бул адептүүлүктү жана жакшы ахлакты билдирет.

التصنيفات

Чүчкүрүүнүн жана эсинөөнүн адептери, Пайгамбардын жалпы сыпаттары