?Рукия, тумарлар жана тивала ширк

?Рукия, тумарлар жана тивала ширк

Абдулла бин Масууд, радыяллаху анху, айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Рукия, тумарлар жана тивала ширк».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Маажа жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ширк иштерин баяндады. Алар: Биринчи: Рукия. Бул - Исламга чейинки сабатсыз элдердин шыпаа табуу үчүн колдонгон ширк аралашкан сөздөрү жана дубалары. Экинчиси: Мончоктордон жана ушул сыяктуу нерселерден жасалган тумарлар. Муну жаман көздөн сактануу үчүн балдарга, жаныбарларга жана башкаларга тагышат. Үчүнчүсү: Тивала. Бул - жубайларды бирини экинчисине сүйдүрүү үчүн жасалат. Бул иштердин баары ширк. Анткени ширк шариятта далилденбеген бир нерсени, тажрыйба менен далилденбеген бир нерсени себеп кылуудан болот. Ал эми Куран окуу сыяктуу шариятта бар себептер же тажрыйба менен далилденген дарылар сыяктуу көзгө көрүнгөн себептерге келсек, пайда менен зыян Аллахтын колунда деген ишеним менен аларды себеп деп эсептесе болот.

فوائد الحديث

Тавхидди жана Ислам акыйдасын бузуудан сактоо керек.

Ширк аралашкан рукияны окууга, тумарларды тагууга жана тиваланы колдонууга тыюу салынат.

Адамдын бул үч себепке ишениши – бул кичине ширк. Себеби ал шариятта себеп болбогон нерсени себеп кылды. Ал эми алардын өзүнө пайда жана зыяны бар деп ишенсе, анда бул чоң ширк.

Ширк жана арам себептерди кылуудан сактануу керек.

Ширк аралашкан рукия окуу арам болот. Шариятта келген рукия окуудан башкасынын баары ширк болуп саналат.

Жүрөк бир гана Аллахка байлануусу керек. Анткени бардык зыян жана пайда андан гана болот. Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Ошондуктан Аллахтан башка эч ким жакшылык алып келе албайт. Андан башка эч ким жамандыкты кайтара албайт.

Ислам шариятындагы рукия окуу үч шартты камтып алат:

1- Рукия окуу болгону бир себеп. Аллахтын уруксатысыз пайда бербейт деп ишенүү керек.

2- Рукия окуу - бул Куран окуу менен, Аллахтын ысым-сыпаттарын окуу менен, пайгамбар айткан дубаларды окуу менен жана шариятта келген дубаларды окуу менен болушу керек.

3-Рукия түшүнүктүү тилде болушу керек. Рукия дубалары таласим, башкача айтканда түшүнүксүз жазуулар жазылган дуба жана шааваза, башкача айтканда сыйкырдын турлөрү менен болбошу керек.

التصنيفات

Шарият жолундагы дем салуу, Шарият жолундагы дем салуу