Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Маажа жазып калтырган.]

الشرح

Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муктаждык кутпасын үйрөткөнүн айтат. Бул кайсы бир муктаждык иште кутпаны баштаарда айтылчу сөздөр. Муктаждык дегени, нике кутпасы, жума кутпасы сыяктуу кутпалар. Бул кутпа Аллах Таала түрдүү алкыш-мактоолордун баарына ылайык экендигин билдирген терең маанилерди ичине камтыйт. Ошондой эле шериги жок Жалгыз Аллахтан жардам суроо, күнөөлөрдү жашырууну жана ал үчүн жазалабоону сурануу, бардык жамандыктан, напсинин жамандыгынан ж.б. жамандыктардан сактоону Анын Өзүнөн жалбарып суранууну камтыйт. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туура жол Аллахтын колунда экенин, Ал кимди туура жолго баштаса, аны адаштыруучу болбостугун, ал эми кимди Ал адаштырса, ага туура жолго баштоочу болбостугун кабарлаган. Андан кийин Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деген тавхид күбөлүгүн жана Мухаммад Анын элчиси деген элчиликке берилген күбөлүктү эскерткен. Акырында Аллахтын ыраазылыгын издеп, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйыла турган такыбалыкка буйруган үч аят менен жыйынтыктаган. Аятта мындай жакшы амалдарды жасап, жакшы сөздөрдү айткандардын сыйлыгы - күнөөнүн кечирилүүсү, жамандыктардын өчүрүлүүсү, бул дүйнөдө жакшы, таза жашоо, кыяматта болсо утугу бейиш болот.

فوائد الحديث

Нике, жума, ж.б. кутпаларды ушул сөздөр менен баштоо жакшы.

Кутпа алкыш-мактоону, келмелерди жана кээ бир Куран аяттарын ичине камтышы керек.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына алар динде эмнени билүүгө муктаж болсо ошону үйрөткөн.

التصنيفات

Никенин өкүмдөрү жана шарттары, Никенин өкүмдөрү жана шарттары