Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби

Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби

Аль-Микдам бин Маъдийкариб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерин укса да ал сөөрүсүндө жатып алып: «Биз менен силерди бөлүп турган нерсе – бул Ыйык Куран жана ал бизге жетиштүү. Анда эмнени адал деп тапсак, ага ылайык амал кылабыз, ал эми эмнени арам деп тапсак, андан алыс болобуз» - деп айткан адамдар чыккан замандын жакындаганынан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө арам кылган иштер же тыюу салган нерселердин баары Аллах Өз Китебинде тыюу салган нерселердин өкүмүнө окшош экенин баяндады. Анткени ал Раббисинин буйруктарын жеткирүүчү гана.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын сүннөтүн Куран катары урматтоо жана кабыл алуу.

Пайгамбарга баш ийүү – Аллахка баш ийүү, ал эми ага баш ийбөө – Аллах Таалага баш ийбөө.

Сүннөттүн далил катары алынуусу жана сүннөттү четке каккандарга жооп.

Ким сүннөттөн жүз буруп, Куран менен гана чектелем десе, анда ал сүннөттөн жана Курандан да баш тарткандыгынын белгиси болот. Ошондой эле ал Куранга амал кылам деген сөзүндө жалганчы болот.

Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын бир далили – келечекте боло турган бир нерсени айтуусу. Чындыгында Пайгамбардын айтканындай болду.

التصنيفات

Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Пайгамбарчылык, Кабыр жашоосу