إعدادات العرض
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы…
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».*@
Абу Зар, радыяллаху анху, риваят айтты: Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Español Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe Bosanski සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa മലയാളം తెలుగు Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া Shqip دری Ελληνικά Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Moore Kurdî Oromoo Wolof Soomaali Français Azərbaycan Tagalog Українська தமிழ் bm ქართული Deutsch Português Македонски Magyar فارسی Русский 中文الشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү Хауддун куюучу идиштери асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан да көп болот деп Аллахтын аты менен ант ичип айтты. Асмандын жылдыздары ай чыкпаган караңгы түндө көбүрөөк болот. Анткени айдын жарыгы жылдыздарды тоскону үчүн ачык болбойт. Ошондой эле булуттардын болушу жылдыздардын көрүнбөй калышына тоскоол болот. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз айсыз жана ачык асмандагы жылдыздар деп айтты. Ал эми бейиштин идиши – кимде-ким андагы суусундуктан ичсе, эч качан чаңкабайт жана ал учур анын акыркы чаңкагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы куюп турат жана анын туурасы узундугуна барабар болот. Хауддун узуну менен туурасы бирдей. Анын ченеминин узундугу - Балка аймагындагы Амман менен Леванттын четиндеги белгилүү шаар болгон Айлага чейинки аралыкка барабар болот. Хауддун суусу сүттөн ак, даамы балдын даамынан таттуу болот.فوائد الحديث
Бул хадис Хауддун жана андагы нээматтардын түрлөрү боло тургандыгын далилдеп турат.
Хауддун чоңдугу, узундугу, кеңдиги жана идиштеринин көптүгү айтылды.
التصنيفات
Акырет күнүнө ыйман келтирүү