?Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жы?

?Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жы?

Абдуллах бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл мурда бардык макулуктардын тагдырларын жазып койгон. Анан мындай деп айтты: Анын (Аллахтын) аршы суунун үстүндө болгон».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Аллах Таала бүткүл маклуктардын жашоо, өлүм, ырыскы ж.б.у.с тагдырлары боюнча эмне болоорун асмандарды жана жерди жаратардан элүү миң жыл мурда Лавхул-Махфуз китебинде майда-чүйдөсүнө чейин жазганын Пайгамбарыбыз кабарлайт. Ал нерселердин баары Аллах жазган тагдырдын нугунда гана жүрөт. Кандай гана нерсе болбосун - ал Аллахтын жазган тагдырдын негизинде болот. Адамга жеткен нерсе, андан башкага өтүп кетпейт. Андан өтүп кеткен нерсе, ага кайра жетпейт.

فوائد الحديث

Тагдырга ыйман келтирүүнүн зарылдыгы.

Тагдыр - ал Аллахтын нерселерди билүүсү, аны жазуусу, анын учуру келгенде анын болуусун каалоосу жана аны жаратуусу.

Тагдырдын асмандар жана жер жаралуудан мурда жазылганына ишенүү - тагдырга ыраазы болууга жана ага моюн сунууга алып барат.

Чындыгында жер менен асмандар жаралардан мурда Аллахтын аршы суунун үстүндө болгон.

التصنيفات

Каза жана кадардын мартабалары