إعدادات العرض
Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот
Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот
Укба бин Амир Аль-Жухани, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Español Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe Bosanski සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa മലയാളം తెలుగు Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া Shqip دری Ελληνικά Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Kurdî Wolof Moore Soomaali Français Oromoo Tagalog Українська Azərbaycan தமிழ் Deutsch bm ქართული Português Македонски Magyar Русский 中文 فارسیالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды ачык окуган адам ачык садака кылгандай болот. Ал эми Куранды ичинен окуган адам жашырып садака берген адам сыяктуу болорун ачыктап берди.فوائد الحديث
Садаканы жашырып берген жакшыраак болгондой эле Куранды да ичинен окуган жакшы. Анткени ичинен окуган Куран тилаватында ыкластуулук болот. Риякерликтен жана өзүнө өзү суктануудан алыс болот. Бир гана муктаждык болгондо тышынан окуса болот. Мисалы: Куран үйрөтүү сыяктуу үн көтөрүп окуу муктаждыгы болсо, анда үнүн тышынан чыгарып окуйт.