Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз

Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз

Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун), пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убада-келишим берген аял, ал минтип айтат: Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд ушул айтымын жазып калтырган, Бухари болсо (тазалыктан кийин) деген кошумчасы жок жазып калтырган]

الشرح

Сахаба аялдардын бири Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылтым жана саргыч сууга айыз деп маани беришпегенин, ал үчүн намазды да, орозону да калтырышпаганын айткан.

فوائد الحديث

Аял киши айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылт же сары сууга этибар кылынбайт.

Кызгылтым же сары түстөгү кан айыз учурунда же айыз деп саналган адатында келсе, анда айыз деп эсептелет. Анткени, ал өз убагында суу аралашып келген кан болуп эсептелет.

Тазалыктан кийин келген кызгылтым жана сары суу үчүн аялдар намазды да, орозону да токтотпойт, даарат алып намазын окуй берет.

التصنيفات

Айыз, нифас жана истихаза кандары