إعدادات العرض
Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди
Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баатырдыгы үчүн, элин сактоо үчүн, элге көрүнүү үчүн жихадга чыккан адамдардын кимиси Аллах жолунда болот? - деп сурашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Français ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî മലയാളം Kiswahili සිංහල Русский دری Svenska አማርኛ অসমীয়া ไทย Tiếng Việt Yorùbá ગુજરાતી Malagasy नेपाली Oromoo Română Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡالشرح
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар түрдүү максатта согушка чыккан адамдар тууралуу сурашты. Баатырдыгы үчүн, коргонуу үчүн, адамдарга көрүнүү үчүн ж.б. максатта чыккан адамдардын кимиси Аллахтын жолунда болот? деп сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ким Аллахтын сөзү бийик болсун деп согушса, ошол Аллах жолунда согушка чыккан болорун айтат.فوائد الحديث
Иш-амалдардын оңдолуусу да, бузулуусу да ниет жана Аллахка болгон ыкластан болот.
Эгерде жихадга чыгуудагы максаты Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн болсо, бирок ага башка максат аралашса, мисалы олжо алуу сыяктуу, бул анын негизги ниетине зыянын тийгизбейт.
Мекенди жана өзүнө тиешелүү нерселерди душмандан коргоо да Аллах жолундагы согуш болуп эсептелет.
Жихадга чыккандар тууралуу айтылган артыкчылыктар, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушкан адамга гана тиешелүү.
التصنيفات
Жихаддын адептери