إعدادات العرض
Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе
Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе
Наввас бин Самаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу сурадым. Ал мындай деди: "Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе."".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Français Hausa Kurdî Português සිංහල Русский Nederlands Tiếng Việt অসমীয়া ગુજરાતી Kiswahili پښتو മലയാളം नेपाली Magyar ქართული తెలుగు Македонски Svenska Moore Română Українська ไทย ಕನ್ನಡ मराठी ਪੰਜਾਬੀ دری አማርኛ ភាសាខ្មែរ Lietuvių O‘zbek Malagasy Yorùbá தமிழ் Azərbaycan Oromoo Wolof Čeština Kinyarwandaالشرح
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирр - жакшылык жана исм - күнөө жөнүндө сурашат. Ал минтип жооп берет: Жакшылыктын эң негизги белгиси бул Аллахка такыба болуу менен жакшы мүнөздө болуу, башкалардын зыянына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө, карым-катыш кылуу, жумшак болуу, жакшы сухбат мамиле кылуу. Ал эми күнөө бул, жүрөккө шектүү болгон нерселер кирип, ага көңүл толбой, анын күнөө экенине шек жана коркунуч пайда болгондо, жана аны кадыр-барктуу, изги адамдарга көрсөтүүнү каалабай калганда – мына ошол иш күнөө болот. Анткени, адамдын табияты жакшы амалдарынын элге көрүнүшүн жактырат. Эгер айрым иштеринин башкаларга көрүнүшүн жаман көрсө, анда ал амалда жакшылык жок, ал күнөө.فوائد الحديث
Хадис жакшы ахлакта болууга кызыктырат. Анткени, ахлактын жакшылыгы жакшылыктын эң негизги белгилеринин бири.
Ыймандуу адам акыйкат менен жалганды аралаштырып, чаташтырбайт. Акыйкатты жүрөк нуру менен билет жана жалгандан качып, аны четке кагат.
Күнөөнүн бир белгиси - жүрөктүн тынчсыздануусу жана ал ишин башкалардын көрүүсүн жактырбашы.
Ас-Синди минтип айткан: бул (хадисте айтылган нерсе) — адамдар кайсы тарап туура экенин так билбей турган күмөндүү иштерге тиешелүү. Ал эми шариятта так буйрулган нерселер — эгер ага каршы эч кандай далил чыкпаса — бул жакшы амалдар болуп саналат. Ошондой эле шариятта так тыюу салынгандар — бул күнөөлөр болуп эсептелет. Мындай учурда жүрөктөн суроо же анын тынчтануусун издөө зарыл эмес.
Бул хадисте кайрылып айтылып жаткан адамдар — табияты түз, фитраты таза болгон адамдар. Ал эми жүрөгү төңкөрүлүп, өзүнүн кумарына гана берилип калган, жакшылыкты жакшылык катары тааныбаган жана жамандыктан жийиркенбеген адамдарга бул тиешелүү эмес.
Ат-Тийбий мындай деген: Хадистеги "бирр" (жакшылык) деген сөз бир канча мааниде чечмеленген. Кээ бир жерде напси жана жүрөк тынчтана турган деп айтылса, кээ биринде ыйман деп айтылган. Кээ биринде Аллахка жакындата турган нерсе деп айтылган. Бул жерде болсо жакшы ахлак деп чечмеленди. Ал эми жакшы ахлак деген: башкалардын ызасына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө ж.б. Булардын баары мааниси жагынан жакын.