Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат

Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдө такыр намаз окубай, аны намаз окулбай турган кабырга окшотуп алуудан тыйган. Андан кийин Бакара сүрөөсү окулуп турган үйдөн шайтан качып чыгары тууралуу кабарлаган.

فوائد الحديث

Үйдө ибадатты, нафил намаздарды окууну көбөйтүү жакшы.

Көрүстөндө жаназадан башка намаз окууга болбойт. Анткени ал ширкке алып баруучу ортомчу жана адамды чектен чыгарчу иштерден.

Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга тыюу салынганы ачык белгилүү болгон. Ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдү намаз окулбаган мүрзө сыяктуу кылбагыла деп тыйган.

التصنيفات

Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы, Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы