Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан…

Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт

Абдулла бин Амр (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат күнү анын узундугу жана туурасы бир айлык жол болгон Хауду тууралуу кабар берди. Ал эми анын суусу сүттөн ак. Жана анын таттуу жыты мисктин жытынан жакшыраак. Анын кумуралары асмандагы жылдыздардай көп. Ким ошол кумуралар менен Хауддан ичсе, анда ал эч качан суусабайт.

فوائد الحديث

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хауду – Кыямат күнү анын үммөтүнүн ыймандуулары келе турган чоң топтолгон суу.

Анын Хаудунан ичкен адам эч качан суусабай чоң жакшылыкка жетишет.

التصنيفات

Акырет күнүнө ыйман келтирүү