إعدادات العرض
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар:…
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Español Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe Bosanski සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa മലയാളം తెలుగు Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া Shqip دری Ελληνικά Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Moore or Kurdî Oromoo Soomaali Français Wolof Azərbaycan Tagalog Українська தமிழ் bm Deutsch ქართული Português Македонски Magyar فارسی Русский 中文الشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул дүйнөнүн оту тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири экенин айтты. Акырет оту бул дүйнөнүн отунун ысыгына караганда, анын температурасы алтымыш тогуз эсе жогору болгонун айтты. Ошондой эле анын ар бир бөлүгү бул дүйнөнүн отунун ысыгына барабар. «Оо, Аллахтын Элчиси, бул дүйнөнүн оту тозокко кирген адамды азаптоого жетиштүү эле» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозок оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз бөлүккө көп жана алардын ар биринин ысыктыгынын күчтүүлүгү бул дүйнө отундай ысык» - деп айтты.فوائد الحديث
Адамдарды тозок отуна алып келе турган иштерден алыс кылуу үчүн тозок менен катуу эскертти.
Тозоктун катуу азабын жана температурасынын күчтүүлүгүнүн кабарын айтты.