إعدادات العرض
Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
Абу Катада ас-Сулами, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া دری Lietuvių Kinyarwanda Українська नेपाली മലയാളം తెలుగు Bosanski Italiano ಕನ್ನಡ Kurdî Oromoo Română Soomaali Shqip Српски Wolof Tagalog Moore Malagasy தமிழ் Azərbaycan فارسی ქართული 中文 Magyarالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким мечитке каалаган убакта жана каалаган максатта келип-кирсе, отурардан мурда эки рекет намаз окууга үндөгөн. Ал эки рекет тахиййатул-масжид намазы.فوائد الحديث
Мечитке киргенде отураардан алдын тахиййатул-масжид деген эки рекет намаз окуу сооптуу.
Бул эки рекет тахиййатул-масжид намазын окуу мечитте отургусу келгендер үчүн. Ал эми ким мечитке кирсе жана отура электе чыгып кетсе, тахиййатул-масжид намазын окубаса да болот.
Эгер намаз окууну каалаган адам мечитке киргенде адамдар намаз окуп жатса, анда алар менен бирге намаз окуйт. Алар менен намаз окуусу менен ал эки рекет тахиййатул-масжид намазына жетиштүү болот.