Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла

Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла

Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уккан учурда азанчыга жооп берүүгө үндөгөн. Ага жооп берүү анын айтканын сөзмө-сөз кайталап айтуу менен болот. Ал такбир айтканда, анын артынан такбир айтабыз. Күбөлүк келмелерине келгенде, аларды кайталайбыз. (Хаййа алассола, хаййа алалфалах) деген сөздөр гана кайталанбайт. Себеби бул учурда "Лаа хавла ва лаа куввата илла биллах" деп айтылат.

فوائد الحديث

Эгер бир канча азанчы болсо, биринчиси бүткөндөн кийин экинчисин ээрчийт. Анткени хадис жалпылай айтылган.

Ажатканада болбосо же ажат өтөп жатпаса, андан башка бардык абалдарында азанчыга жооп берүү керек.

التصنيفات

Азан жана икоомат