Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын

Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".

[Хасан (жакшы)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын жүрүм-туруму, адаттары жакын досуна окшошуп каларын айткан. Достук адамдын жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына, иш-аракеттерине таасирин тийгизет. Ошон үчүн досту жакшылап карап тандоого чакырган. Жакшы адам досунун ыйманына, туура жолдо жүрүүсүнө жана жакшы иштерди кылуусуна далил болот жана аны колдоп турат.

فوائد الحديث

Жакшы адамдар менен болуп, алар менен маектешип жүрүүгө буйруп, жаман адамдарга жакын болуудан тыйган.

Мында жакын тууган жөнүндө эмес, дос жөнүндо гана айтылган. Анткени, досту тандоого болот. Ал эми тууганды тандай албайсың.

Кимдир бирөөгө жоро-жолдош болуудан мурда пикир кылып, ойлонуу керек.

Ыймандуу адамдар менен бирге болуп, алар менен маектешкен адам динин бекемдейт. Ал эми фасык жана бузуку адамдар менен маектешкен адамдын дини алсыздайт.

التصنيفات

Жакшы көрүүгө жана жек көрүүгө тиешелүү өкүмдөр