Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин…

Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди

Абу Масуъддун (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулмандарга алардын мал-мүлкүнө ж.б. дүйнө иштерине кыянат кыла турган башчылар башчылык кыларын кабарлаган. Ал башчылар алардын мал-мүлкүн каалагандай жумшап, мусулмандардын акысынан тыят. Ошондой эле аларда динде четке кагылган иштер пайда болот. Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) ошол учурда эмне кылуу керектигин сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын мал-мүлктү каалагандай жумшоосу, силерди башчыны угуп, ага баш ийүү милдетинен тыйып койбоосу керектигин айтат. Тескерисинче, сабыр кылгыла, уккула, баш ийгиле, алардан бийликти талашпагыла, өзүңөргө тиешелүү акыны, башчыларды оңдоп-түзөөнү, алырдын жамандыгын жана зулумдугун жок кылууну Аллахтан сурагыла - деди.

فوائد الحديث

Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын далили. Келечекте үммөтүндө боло турган нерсени айткан, анан дал ошондой болду.

Сыноого туш болуучу адамга ал кабыла турган сыноону айтса болот; ал өзүн даярдап, сыноо келгенде ага сабырдуу болуп, сооп үмут кылуусу үчүн.

Куран менен сүннөткө таянуу фитна жана келишпестиктерден чыгаруучу (курал).

Жакшылык иштерде башчыларды угуп, аларга баш ийүүгө, алардан зулумдук көрүшсө да, аларга каршы чыкпоого, үндөө.

Фитна учурунда сүннөткө ээрчип, даанышмандыкты пайдалануу (керек).

Эгер ага зулумдук кылынып жатса да, инсанга анын моюнундагы милдет-акыны аткаруу зарыл.

Хадисте төмөнкү эрежеге далил бар: Жамандыктардын жеңили, зыяндардын кичиги тандалат.

التصنيفات

Имамдын милдеттери