إعدادات العرض
Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди
Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди
Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колуна жибекти, оң колуна алтынды кармап, колдорун өйдө көтөрүп, анан: "Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî অসমীয়া Kiswahili አማርኛ Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands සිංහල پښتو ไทย नेपाली മലയാളം Malagasy Svenska Română తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жибек кийимди же анын бир үзүмүн сол колуна алып, алтындан жасалган кайсы бир жасалганы оң колуна алып, анан: Жибек менен алтынды кийүү эркектерге арам. Ал эми аялдарга экөө тең адал - деди.فوائد الحديث
Ас-Синдий минтип айткан: Арам дегенден максат, аларды кийим катары колдонууга арам. Ал эми соода-сатык ишинде, иштетүүдө, каржылоодо колдонуу эч кимге арам эмес. Бирок алтынды идиш катары пайдалануу баарына (аял, эркекке) бирдей арам.
Аялдардын зыйнатка ж.б. муктаждыгы болгон үчүн шарият аларга мүмкүнчүлүк берген, бул шарияттын кенендигинен.
التصنيفات
Кийинүү жана жасануу