إعدادات العرض
Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт
Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт
Абу Аббас Сахл бин Саад ас-Саади (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Мага аны аткарсам Аллах да, пенделер да жакшы көрө турган ишти айтыңызчы?" - деди. Ал мындай жооп берди: "Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල دری অসমীয়া پښتو O‘zbek Tiếng Việt Македонски Nederlands Kiswahili ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ తెలుగు ไทย Moore አማርኛ Magyar Azərbaycan ქართული ಕನ್ನಡ ગુજરાતી Українська Shqip Српски Kinyarwanda тоҷикӣ Wolof Čeština தமிழ் नेपाली മലയാളം kmr ms Deutsch Lietuviųالشرح
Бир киши пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы ишти аткарса Аллах Таала да, адамдар да жакшы көрөрүн сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): бул дүйнөдө ашыкча болгон, акыретиңе пайдасы жок, диниңе зыянын тийгизе турган нерселерден баш тартсаң, Аллах жакшы көрөт. Ал эми адамдардын колундагы нерселерден баш тартсаң, адамдар жакшы көрөт. Анткени алар дүнүйөнү жакшы көрөт, дүнүйө топтоодо атаандаш болгон адамды жаман көрүшөт. Аларга атаандашпай таштап койгон адамды жакшы көрүшөт.فوائد الحديث
Зухд адамдагы артыкчылыктуу сыпат, бул: акыретке пайдасы жок нерселерден баш тартуу.
Зухддун мартабасы такыбалыктан жогору турат. Анткени, такыбалык - зыяндуу нерседен баш тартуу, зухд - акыретке пайдасы жок нерседен баш тартуу.
Ас-Синдий мындай деген: "Адамдар дүнүйөнү жакшы көрүшөт. Аларга жолтоо болгон адам жолтоосуна жараша жек көрүлөт. Жолтоо болбой таштап койгон адам ошонусуна жараша алардын жүрөгүнөн сүйүү табат".
