إعدادات العرض
Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака берилет" деген
Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака берилет" деген
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака берилет" деген".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Kiswahili தமிழ் دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын: "О, Адам баласы, важиб жана мустахаб болгон нафакаңды бергин. Ошондо сага ырыскыңды кеңейтем, сенин бергениңдин ордуна берем жана аны сага берекелүү кылам" - дегенин кабарлаган.فوائد الحديث
Аллах жолунда садака жана нафака берүүгө кызыктырат.
Кайрымдуулук кылып каржылоо ырыскынын берекелүү болуусунун, көбөйүүсүнүн жана пенденин бергенине Аллахтын кайтарып берүүсүнүн негизги себеби.
Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.