«Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине…

«Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет

Анас, радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип, мындай деп айтты: «Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет».

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен бардык күнөөлөрдү жана туура эмес иштерди кылдым, мен чоң күнөөнү да, кичүү күнөөнү да калтырбай аткардым. Эми менин күнөөлөрүм кечирилеби?» - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бересиңби?» - деп сурады. Ага муну үч жолу айтты. Ал киши: "Ооба, күбөлүк берем" - деп айтты. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага эки күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн жана алар күнөө иштерди жууп кетүүсүн айтып берди. Ошондой эле тообо кылуу өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылаарын айтты.

فوائد الحديث

Күбөлүк берүү келмесинин улуулугу жана чын жүрөктөн айткан адам үчүн кандай гана күнөө болбосун, анын күнөөлөрүн жууп жок кылган артыкчылыгы.

Ислам дини өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылат.

Тообо кылуу өзүнөн алдыңкы күнөөлөрдү жууп кетирет.

Үйрөтүүдө кайталап түшүндүрүү – Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү.

Күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн айтты. Анткени алар түбөлүк тозокто калуудан кутулууга себеп болот.

التصنيفات

Тавхиддин артыкчылыктары, Тавхиддин артыкчылыктары